Өзбекстандын президенти Мирзиеев Түркия Улуттук Парламентине барды

Өзбекстандын президенти Мирзиеев Түркия Улуттук Парламентине барып, парламенттин спикери Исмаил Кахраман менен жолугушту.

834777
Өзбекстандын президенти Мирзиеев Түркия Улуттук Парламентине барды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев : «Өзбекстан парламенти менен Түркия Улуттук Парламентинин чоң иштерге даяр экендигин жана бул тууралуу эрктин бар экендигин баса белгилегим келет»,- деди.

Өзбекстандын президенти Мирзиеев Түркия Улуттук Парламентине барып, парламенттин спикери Исмаил Кахраман менен жолугушту. Кахраман мармардуу залда өткөн жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Мирзиеевдин сапары менен Түркия Улуттук Парламентин сыймыктандыргандыгын белгиледи.

Эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосундагы жолугушуулардын  жакшы иштерге себеп болушун каалаган Кахраман : «Бир тууган, дос эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын кааланган деңгээлге жетиши үчүн аракет кылуу баарыбыздын милдетибиз. Сиздер бул аракеттин жол башчысы болосуздар»,- деди.

Өзбекстандын президенти Мирзиеев болсо Өзбекстан делегациясына карата меймандостуктан улам ыраазычылыгын билдирип, Түркия Улуттук Парламентинин Түркиянын саясатында жана реформаларында алган ролун колдошкондорун билдирди.

Делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки өлкө парламентинин ортосунда кызматташтык протоколуна кол коюлду. Кахраман менен Мирзиеев андан кийин Түркия Улуттук Парламентинде 15 -  июлдагы козголоң кыймылында кыйраган жерлерди кыдырды.

 



Тектеш кабарлар