Ким күчтүү болсо ал акылуу болгон дүйнөнү кабыл алышыбыз мүмкүн эмес

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда өткөн TRT World Forumдун жабылыш отурумуна катышты.

830911
Ким күчтүү болсо ал акылуу болгон дүйнөнү кабыл алышыбыз мүмкүн эмес

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ким күчтүү болсо ал акылуу болгон дүйнөнү кабыл алышыбыз мүмкүн эместигин айтты.

Эрдоган Стамбулда өткөн TRT World Forumдун жабылыш отурумуна катышты.

Бул жердеги сөзүндө дүйнө жүзүнө кайрылып, адилеттик керектигин баса белгилеген Эрдоган: «Эгерде демократияга ээ болсок, эгерде адилеттикти издеп жатсак, кол кармашып Дүйнө жүзү 5тен чоң дейлик»,-деди.

АКШнын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга курал жардамын да сынга алган Эрдоган: «Бир террордук уюмду башка бир террордук уюм менен жок кылуу акылга сыйган нерсеби?»-деп сурады.

Европанын террордук уюмдарга карата мамилесин да сынга алган Эрдоган, ПКК, Европа Биримдигинин каттоолорунда террор уюму катары көрүнгөнүнө карабастан ЕБ өлкөлөрүнүн Түркиянын террористтер тууралуу берген делолорун карабагандарына каршылык көрсөттү.

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) чет өлкөдөгү түзүлүшүн да сынга алган Эрдоган: «ФЕТӨнүн корбашчысы Пенсильванияда. Ал жерден 170 өлкөнү бул киши башкарууда. Албетте бул адам символдук түрдө турат, башкаргандар башка»,-деп айтты.

Сөзүндө АКШ менен болгон виза кризисине да токтолгон Эрдоган: «Ким бул элчи? Килейган АКШнын атынан стратегиялык өнөктөшү менен болгон карым-катнашка мындай параграф киргизип «визаларды токтотттук» дей алса, анда мен бул стратегиялык өнөктөштүгүмдү талкууга аламын»,деген серебин салды.

Президент Эрдоган сөзүндө Перс булуңу өлкөлөрүндө болуп жаткан кыйынчылыктардын толугу менен жоююлушун үмүт кылгандарын да айтты.

Катарда орун алган Түрк аскердик базасына окшошунун Сауд Арабияга да сунушталганын маалымдаган Эрдоган: «Мен бул база куруу маселесин Сауд Арабияга да сунуштадым. Бизге ал жактан жооп келгенде, ал жакта да бир база кура алмакпыз. Ар башка өлкөлөргө база куруу боюнча уруксат берген Перс булуңу өлкөлөрү, анда эмнеге Түркияга уруксат бербейт?»-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын сириялык конокторуна каржылаган 30 миллиард доллардык жардамы тууралуу, «Биздин салтыбызда, үрп-адатыбызда «берген кол алган колдон артык» түшүнүгү бар»,-деди.



Тектеш кабарлар