Д -8 экономикалык кызматташтык уюмунун 9 - саммити башталды
Президент Р. Т. Эрдоган Д - 8 өлкөлөрүнүн арасындагы соодада улуттук акча бирдигин колдонуунун жолу ачылганда уюмдун тарыхында бир төңкөрүшкө кол коюлган болорун айтты.
Президент Р. Т. Эрдоган Д - 8 өлкөлөрүнүн арасындагы соодада улуттук акча бирдигин колдонуунун жолу ачылганда уюмдун тарыхында бир төңкөрүшкө кол коюлган болорун айтты.
«Кызматташтык менен мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү» деген темада өткөрүлгөн «Д - 8 экономикалык кызматташтык уюмунун 9 - саммити» Түркиянын жетекчилигинде башталды.
Стамбулда өткөрүлгөн саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн Эрдоган : «Өлкөлөрүбүздүн арасындагы соодада эми улуттук акча бирдиктерибизди колдонуунун жолун ачсак Д – 8 тарыхында бир төңкөрүшкө кол койгон болобуз. Курс, доллар жана евро кысымы астында эконмикабызды жок кылуунун кереги жок»,- деди.
Бир алмаштыруу кабинетини түзүлүшү үчүн борбордук банктарды жолугуштуруу сунушун билдирген президент Эрдоган : «Д – 8 өлкөлөрү катары жыйындарга катышуу деңгээли көтөрүлүшү керек. Менчик сектор мекемелерин да бул иштерге кошуубуз керек. Президент катары Д -8 лидерлер саммитинин маанисин жакшы түшүнүү керек. Баарыбыз Д -8ге ээ чыгып, дагы түшүмдүү, дагы күчтүү болушу үчүн араке кылуубуз керек»,- деди.
Эрдоган : «Жаңы өнөктөштүктөр менен улантып жана кеңейүүдөн коркпошубуз керек. Чечим чыгаруу механизмдеринде добуш бирдигинин ордуна көпчүлүк сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануубуз керек. Анткени добуш бирдиги менен иштөө механизми көпчүлүк учурда жабык болот»,- деди.
Түркия, Иран, Пакистан, Бангладеш, Малайзия, Индонезия, Египет жана Нигериядан турган Д - 8 1997 - жылы курулган.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.