АКШ, ЙПГ жана ПЙДнын террордук уюм экенин түшүнүш үчүн эмнени көргүсү келип жатат?

Премьер-министр Бинали Йылдырым борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

831200
АКШ, ЙПГ жана ПЙДнын террордук уюм экенин түшүнүш үчүн эмнени көргүсү келип жатат?

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Сириянын Ракка шаарында жикчил террор уюму ПККнын корбашчысы Абдуллах Өжаландын портретинин аянтка илинишине катуу каршылык көрсөттү.

Борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берген Йылдырым: «Шериктешибиз болгон АКШга ар дайым айттык, бир террор уюму менен башка бир террор уюмун жок кылыш үчүн кызматташуу канчалык жаман жыйынтыкка алып барганын акыркы сүрөт ортого салууда. АКШ, ЙПГ жана ПЙДнын (ПККнын Сириядагы уландысы) террордук уюм экенин түшүнүш үчүн эмнени көргүсү келип жатат?»,-деди.

Жикчил террор уюму ПККнын корбашчысынын фотосүрөтүнүн Раккада жайылып турушунун АКШ-Түркия шериктештик карым-катнашына да чоң зыян тийгизгенин баса белгилеген өкмөт башчы, «Бул мамилеси менен АКШ, террор менен кызматташып эле калбайт ошол эле учурда Түркия жана Сириянын келечегин да коркунучка салууда»,-деп айтты.

Премьер-министр Йылдырым, түрк жана АКШ делегациясынын ортосундагы виза кризисине карай сүйлөшүүлөр тууралуу суроолор боюнча да тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин эки жактуу түрдө маселени карап чыккандарын белгилеп, «Бул маселенин оңой эле чечилишин каалайм. Техникалык деңгээлдеги иштер уланууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар