Түрк куралдуу күчтөрүнүн Түндүк Иракта жүргүзгөн операциясы
Зап аймагына жасалган аба операциясында 5 террорист өлтүрүлдү.
829131
![Түрк куралдуу күчтөрүнүн Түндүк Иракта жүргүзгөн операциясы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8f6d/65bf/05ac/59cc9f6b70db7.jpg?time=1718839359)
Түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар менен Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагына жасалган аба операциясында 5 террорист өлтүрүлдү. Башкы штабдан берилген маалыматка караганда Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагына абадан жардам берилген операция улантылууда.
Операция бөлүктөрүнө кол салуу үчүн даярданып жаткандыгы аныкталган жикчил террордук уюмдун мүчөсү куралдуу 5 террорист аба операциясында өлтүрүлдү. Операцияда чалгындоо жана байкоо каражаттары менен аныкталган террористтерге таандык чабуул коючу учак да жардырылды. Милдетин ийгиликтүү аяктаган реактивдер коопсуз түрдө базаларына кайтып келишти.