Улуттук коопсуздук кеңешинин өкмөткө сунушу

Улуттук коопсуздук кеңеши президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду

828118
Улуттук коопсуздук кеңешинин өкмөткө сунушу

Улуттук коопсуздук кеңеши өкмөткө түрк аба мейкиндигинин Ирактын Күрт аймактык башкаруусуна жабылышын сунуштады.

Улуттук коопсуздук кеңеши Президенттиктин комплексинде президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Жыйындан кийин жарыяланган билдирүүдө: «Түрк аба мейкиндигинин Ирактын Күрт аймактык башкаруусуна жабылуусу жана «Ибрахим Халил» чек ара бекетинин Борбордук Ирак башкаруусу тарабынан өткөрүп алынышы процессинин баштатылуусу өкмөткө сунушталды»,- деп айтылды.

Билдирүүдө: «Борбордук Ирак башкаруусунун өлкөнүн жалпысында конституциялык үстөмдүгүн белгилеш үчүн жана өзгөчө Керкүкте таштаган кадамдары каралып, Ирактын саясий биримдүүлүгүнүн жана жеринин бүтүндүгүнүн корголуусунун маанилүү экени дагы бир жолу баса белгиленди» деген сөздөр орун алды.  

Астана сүйлөшүүлөрүндөгү макулдашууга ылайык Сириянын кагылышуусуз аймагында орун алган Идлиб шаарындагы Түрк куралдуу күчтөрүнүн абалына байланыштуу Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө болсо: «Сирияда туруктуу тынчтыкты камсыздоо максатында Астана макулдашуусунун алкагында кызмат өтөп жаткан аскерлерибиздин Идлиб аймагындагы кызматынын ийгиликтүү уланып жатканы каралды» деген маалымат бөлүшүлдү.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук кеңеши 19-октябрда аяктай турган Өзгөчө кырдаалдын бешинчи жолу узартылышын сунуштады.

Жыйындан кийин жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, көмөткө Өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүнүн узартылышынын сунушталганы маалымдалды.

Министрлер кеңеши сунушту кабыл алган учурда Түркия Улуу Улуттук Жыйынын Жалпы кеңешинде да добушка коюлуусу керек.

Фетуллахчы террор уюмунун 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен кийин 2016-жылдын 20-июлунда Өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу.



Тектеш кабарлар