Чавушоглу Тиллерсон менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чвушоглу, АКШлык кесиптеши Тиллерсон менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

825393
Чавушоглу Тиллерсон менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чвушоглу, АКШлык кесиптеши Тиллерсон менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Эки министр Түркия менен АКШнын ортосундагы виза процедураларынын эки жактуу түрдө токтотулушу маселесин карап чыгышты.

Куралдуу террор уюму ФЕТӨгө байланыштуу жүргүзүлгөн териштирүүнүн алкагында АКШнын Стамбулдагы Башкы консулдук кызматкери Метин Топуздун доо коюлган айрым мурдагы коопсуздук жана сот кызматкерлери менен байланышы белгиленди жана Топуз Стамбул Республикалык прокуратурасынын террор жана уюшкан кылмыштарды териштирүү кеңсеси тарабынан, «Конституциялык тартипти бузуу аракети», «Тыңчылык» жана «Түркия Республикасынын өкмөтүн кулатууга карай аракет» айыптары менен кармалган.

Бул боюнча АКШнын Мамлекеттик департаменти каршылык көрсөткөн. Түркиянын тышкы иштер министрлиги да Топуз тууралуу, «2017-жылдын 25-сентябрында террор менен байланышы болгону кылмыштары менен кармалганын жана ошондой эле кармалган кишинин АКШнын Консулдугунун расмий тизмесинде катталган кызматкер болбогону сыяктуу эле кандайдыр бир дипломатиялык же консулдук иммунитке да ээ эмес»,деген маалымдоону жасаган.

Бул абалдардан кийин АКШнын Түркиядагы бардык дипломатиялык миссияларындагы мигрант болбогон виза берүү процедураларын токтотконун жарыялаганы боюнча Түркиянын Вашингтондогу Элчилиги да «АКШдагы бардык миссияларыбызда АКШ жарандарына виза берүү процедуралары токтотулду» деген маалыматты жарыялаган.



Тектеш кабарлар