Вице  - премьер Бекир Боздаг пакистандык басма сөз кызматкерлерин кабыл алды

Боздаг Түркиянын Фетуллахчы террордук уюм жана параллель мамлекеттик түзүмү менен күрөштө берген колдоосунан улам Пакистанга рахмат айтты.

824273
Вице  - премьер  Бекир Боздаг пакистандык басма сөз кызматкерлерин кабыл алды

Вице  - премьер жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг Пакистандан келген басма сөз кызматкерлерин кабыл алды.

Эки өлкөнүн ортосундагы достукка көңүлдөрдү бурган Боздаг Түркиянын Фетуллахчы террордук уюм жана параллель мамлекеттик түзүмү менен күрөштө берген колдоосунан улам Пакистанга рахмат айтты.

Түркия жана Пакистандын кыйын процесстерде демократиядан жана күрөшүүдөн баш тартпагандыгын баса белгилеген Боздаг : «Демократия өлкөлөрүбүздү күчтүү кылган эң чоң фактор. Түркияда 2016 -  жылы 15 -  июлда ФЕТӨ козголоңу болду. Пакистан өкмөтүбүздүн, парламентибиздин, президентибиздин жанында болду. Ал үчүн Пакистан мамлекетине, калкына жана башкаруучуларына рахмат айтабыз»,- деди.

ФЕТӨ менен күрөшүү тууралуу Пакистан өкмөтү менен тилектештик ичинде экендерин белгилеген Боздаг : «Пакистандагы ФЕТӨ мектептери Түркия Маариф фондуна эки өлкөнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында өткөрүлдү. Бул абдан маанилүү абал, ал үчүн да рахмат айтабыз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар