Түркия АКШ жарандарына виза берүүсүн токтотту

Бул чечим АКШ бийлигинин Түркиядагы бардык АКШнын дипломатиялык миссияларындагы мигрант болбогон виза кызматтарын токтотконун жарыялаганына жооп иретинде чыгарылганы эске салынды.

822831
Түркия АКШ жарандарына виза берүүсүн токтотту

Түркиянын Вашингтон элчилиги АКШдагы бардык түрк миссияларында АКШнын жарандарына карай виза процедураларынын токтотулганын жарыялады.

АКШдагы Түркиянын дипломатиялык миссиясы тарабынан бул тема тууралуу жарыясында, «Акыркы убактарда болуп жаткан окуялар Түркия өкмөтүн, АКШ өкмөтүнүн түрк миссияларынын имараттарынын жана кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо боюнча кепилдигин кайрадан карап чыгууга мажбур кылды. Аты аталган карап чыгуу процессинде АКШдагы Элчилигибизге жана Башкы консулдуктарыбызга келген киши санын эң азга түшүрүү максатында, ушул убактан тарта жарактуу болгудай түрдө АКШдагы бардык миссияларыбыздагы АКШ жарандарына карай виза процедуралары токтотулду».

Бул чечим АКШ бийлигинин Түркиядагы бардык АКШнын дипломатиялык миссияларындагы мигрант болбогон виза кызматтарын токтотконун жарыялаганына жооп иретинде чыгарылганы эске салынды.

Бул абалдар АКШнын Стамбулдагы Башкы консулдугунун кызматкери Метин Топуздун, Фетуллахчы террор уюмун (ФЕТӨ) териштирүүнүн алкагында, «Конституцялык тартипти жоюу аракети», «Тыңчылык» жана «Түркия Республикасынын Өкмөтүн кулатуу аракети» кылмыштарынан улам кармалганы боюнча болду.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, бул тема тууралуу маалымдоосунда, « (Метин Топуз туурасында) өкүм чыгара турган саясатчылар, мен жана АКШнын мамлекеттик департаменти эмес, көз карандысыз сот.Олуттуу күнөөлөөлөр жана далилдер бар. Дипломатиялык кызматта болгонум үчүн маалыматтандырылдым, мен да Стамбулдагы сот органдарына сурадым. Олуттуу актылар жана далилдер бар экенин айтышты»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар