Президент Р. Т.Эрдоган бүгүн расмий сапар менен Иранга кетти

Бир күндүк сапарда Ирак жана Сириядагы абалдар күн тартибинен орун алат.

819718
Президент Р. Т.Эрдоган бүгүн расмий сапар менен Иранга кетти

Президент Р. Т.Эрдоган бүгүн расмий сапар менен Иранга кетти.

Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунда 25 -  сентябрда мыйзам тышы элдик добуш берүү жана Сирияда түзүлгөн коопсуз аймактар бул сапардын эң негизги темалары. Президент Эрдоган диний лидер Айетуллах Сеййид Али Хаманей жана президент Хасан Рухани менен жолугушат.

Эки лидер Түркия  - Иран жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин төртүнчү жыйынына жетекчилик кылат.

Эки тараптуу карым – катнаштардын бардык жагы менен сүйлөшүлүшү күтүлгөн сапарда жакшы коңшулук карым – катнаштар, тектүү тарыхы жана маданий байланыштарга ээ Иран менен саясий диалогдун өнүктүрүлүшү жана кызматташтыктын ар тармакта өнүгүшү максат кылынууда.

Президент Эрдогандын сапары Ирандын президенти Руханинин 2016 -  жылы 16 -  апрелде Түркияга жасаган сапарына жооп мүнөзүндө болуп жатат.



Тектеш кабарлар