Президент Эрдоган Тегеранда

Расмий сапар менен Иранга барган президент Р. Т. Эрдоганды Хасан Рухани расмий азем менен тосуп алды.

820210
Президент Эрдоган Тегеранда

Расмий сапар менен Иранга барган президент Р. Т. Эрдоганды Хасан Рухани расмий азем менен тосуп алды.

Эрдоган менен Руханинин азем өткөрүлгөн аянтта орун алышы менен эки өлкөнүн улуттук марштары аткарылды. Аскерлерге салам берген Эрдоган менен Рухани андан кийин кол алышып көрүштү.

Аземде башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, энергетика жана жарытылыш байлыктары министри Берат Албайрак, бажы жана соода министри Бүлент Түфенкчи, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш, улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли, Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси Хакан Фидан менен Түркиянын Тегерандагы элчиси Рыза Хакан Текин да катышты.

Президент Эрдоган жана ирандык кесиптеши Рухани андан кийин жекеме – жеке өткөрө турган сүйлөшүүгө өтүштү.

Түркия  - Иран жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынына жетекчилик кыла турган Эрдоган менен Рухани андан кийин биргелеше пресс – жыйын өткөрөт.

 

 



Тектеш кабарлар