Түрк Кызылайы Мексикага жардам көрсөтүүдө
Мексикада 19-сентябрда болгон жер титирөөдөн 361 киши көз жумган болчу
818302
Дүйнөнүн төрт тарабына жардам жеткирген Түрк Кызылайы бул ирет Мексикага жардам көрсөттү.
Мексиканын Пуэбла аймагындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга 2 миң куту азык-түлүк жеткирилди.
Жардамдар Мексикадагы Кызыл Крест менен биргелеше уюштурулган иш-чарада таркатылды.
Түркиянын мексикадагы элчиси Тимур Сөйлемез билдирүүсүндө, жер титирөөдөн жабыр тарткандардын Түркияга ыраазычылык билдиргендерин айтты.
Түрк Кызылайынын жооптуу кызматкерлери Мексикадагы жардам көрсөтүү иштеринин улана турганын белгилешти.
Мексикада 19-сентябрда болгон жер титирөөдөн 361 киши көз жумган болчу.