Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Аба күчтөрү командирлигине караштуу согуштук учактар кечээ Зап аймагындагы ПКК лагерине абадан операция жүргүздү.

817901
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагына кечээ абадан операция жүргүзүлүп, террор уюму тарабынан колдонулган курал жайгаштырган жери, баш калкалоочу жана ок-дары сактоочу жайларлары атылып таш талканы чыгарылды.

Башкы штабдын төрагалыгынын жарыясына караганда Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндө жикчил террор уюму ПККнын мүчөлөрү тарабынан колдонулган лагерлерди бутага алуусун улантууда.

Аба күчтөрү командирлигине караштуу согуштук учактар кечээ Зап аймагындагы ПКК лагерине абадан операция жүргүздү.

Кол салуу даярдыгын кылгандары белгиленген террористтер тарабынан колдонулган курал жайгаштырган жери, баш калкалоочу жана ок-дары сактоочу жайларларын аткан учактар, коопсуз түрдө базаларына кайтты.



Тектеш кабарлар