Силопи - Хабур аймагында машыгуу

Шырнактын Силопи районундагы Хабур чек ара капкасынын жакындарында 18 -  сентябрда  башталган машыгуу ирактык аскерлердин катышуусу менен улантылууда.

818636
Силопи -  Хабур аймагында машыгуу

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Шырнактын Силопи районундагы Хабур чек ара капкасынын жакындарында 18 -  сентябрда  башталган машыгуу ирактык аскерлердин катышуусу менен улантылууда.

Машыгуунун негизинде даярдалган сценарий  боюнча аянтка унаалар менен жиберилген түрк жана ирактык аскерлер үч тараптан курчаган душман буктурмаларын колго алды. Түрк жана ирактык аскерлер машыгуудан кийин ок өткөрбөс унаалар менен бөлүктөрүнө кайтып келди.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 18 -  сентябрдан баштап Силопи – Хабур аймагында аткарылган машыгуунун үчүнчү баскычынын 26 -  сентябрда башталгандыгын, машыгуунун бул баскычынын аймакка барган Ирак куралдуу күчтөрүнө караштуу бөлүк жана элементтердин да катышуусу менен бирдикте аткарылары белгиленген болчу.



Тектеш кабарлар