Келишимге баш ийбеген өлкөлөр

Кайра кабыл алуу келишине 13 мүчө өлкө баш ийген жок

818114
Келишимге баш ийбеген өлкөлөр

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда түзүлгөн Кайра кабыл алуу келишине 13 мүчө өлкөнүн баш ийбегени билдирилди.

Европа Комиссиясы 2016-жылы түзүлгөн Түркия-Европа Биримдиги Кайра кабыл алуу келишими туурасында 7чи отчетун жарыялады.

Отчетто мыйзамсыз көчүү жана Түркиянын аракетине байланыштуу маанилүү көрсөткүчтөр орун алды.

Отчетко караганда 8 миң 834 сириялык «бирге бир формуласынын» алкагында Түркиядан алынып 15 Европа Биримдиги өлкөсүнө жайгаштырылды.

13 Европа Биримдиги өлкөсү болсо Түркиядан баш калкалоочу кабыл алган жок. Булардын арасында Болгария, Хорватия, Чех Республикасы, Дания жана Англия да бар. Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу да Түркиядан баш калкалоочу кабыл албаган Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн арасында.

Грециядан Түркияга жиберилген сириялык жана берки баш калкалоочулардын саны болсо 1 миң 896 киши болду.

Отчетто 2017-жылы 9-июндан 31-августка чейин Түркиядан Грецияга өтүүгө аракет кылган баш калкалоочулардын саны күнүгө орточо 93 кишиге азайганы билдирилди. Түркия-Европа Биримдиги келишиминен мурда 1 миң 150 киши Эгейде көз жумганы же дайынсыз жоголгону белгиленген отчетто, келишимден кийин бул сандын 113кө азайганы баса белгиленди.

2016-2017-жылдарда Европа Биримдигинин Түркияга бере турган 3 миллиард евронун 1 миллиард 664 миллион евролук бөлүмүнүн 48 башка долбоор үчүн бөлүнгөнү белгиленген отчетко караганда, мунун ушул учурга чейин 838 миллион евросу гана Түркияга жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар