Иракта түркмөндөргө кыргын салына баштаса буга Түркия кайдыгер калбайт

Премьер-министр Бинали Йылдырым, ИКАБдын мыйзамсыз референдум өткөрүүсүнө айрым жеке менчик телеканалдардын түз-эфиринде сереп салды.

813566
Иракта түркмөндөргө кыргын салына баштаса буга Түркия кайдыгер калбайт

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) көз карандысыздык референдумун өткөрүү боюнча көөшөрүүсү жаңы кагылышууларга платформа даярдаганын айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, ИКАБдын мыйзамсыз референдум өткөрүүсүнө айрым жеке менчик телеканалдардын түз-эфиринде сереп салды.

Өкмөт башчы: «Кризис эми туу чокуга чыкты. Бурулгус жерге жеткени үчүн мындан кийин жакшы эмес процесстин башталышы болду. Референдумду өткөрүү көөшөрүүсү жаңы кагылышууларга платформа даярдап берди. Мунун бедели да ал жердеги бейкүнөө жарандарга болот. Ирактын борбордук башкаруусу менен дагы көп түздөн-түз сүйлөшүп, чечимдерибизди чыгарабыз»,-деп айтты.

Йылдырым, Ирак башкаруусунун өздөрү менен сүйлөшүлүүсү талабын билдиргенин белгилеп, кеч боло электе айрым кадамдарды таштай тургандарын маалымдады.

Бинали Йылдырым: «Биздин максатыбыз аймакта жашаган адамдар эмес. Биздин улуттук коопсуздугубузга карата коркунуч катары көргөн бул мыйзамсыз элдик добуш берүү темасында өжөрдөнгөндөр. Күрттөр менен буларды бири-биринен өзүнчө карайлы»,-деп айты.

Түркиянын экономикалык, саясий жана аскердик деңгээлдеги кадамдарды ташташ үчүн иш-аракеттерин улантып жатканын белгилеген Йылдырым, Ирак чек арасында уланган машыгууга ирактык офицерлердин да катшуусу камсыздала турганын маалымдады.

Йылдырым, аймактагы түркмөндөргө карай кыргын же жок кылуу кыймылы кайра башталса, Түркиянын буга кайдыгер калышын эч кимдин күтпөшү керектигин белгилеп өттү.

Өкмөт башчы, ИКАБдын лидери Месут Барзанинин эң акырында барып черте турган каалгасынын кайра Түркия боло турганын да баса белгилеп, «Анткени аймактын түзүлүшү ушуну айтып турат»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар