Эрдоган-Путин сүйлөшүүсү
Эрдоган менен Путин телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү
813735
Президент Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү.
Президенттиктен маалымдалгандай, сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер каралды.
Астана процессине байланыштуу пикир алмашкан эки лидер, Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунун мыйзамсыз референдум өткөрүшүнө да токтолушуп, Ирак менен Сириянын жеринин бүтүндүгүн баса белгилешти.
Эрдоган менен Путин, аймактагы акыркы кырдаал менен катар бардык көйгөйлөрдү 28-сентябрь бейшемби күнү борбор шаар Анкарада жолугуп кеңири талкуулоо темасында макулдашышты.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.