Эрдоган менен Рухани Ирактын жеринин бүтүндүгүн каалайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

813129
Эрдоган менен Рухани Ирактын жеринин бүтүндүгүн каалайт

Түркия жана Иран, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) референдум өткөрүү боюнча көөшөрүүсүнүн баш аламандыкка алып бара турганын жарыялады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Лидерлер, эки тараптуу карым-катнаштар менен катар  Ирактын күрт аймактык башкаруусундагы (ИКАБ) референдум жана аймактык абалдарды карап чыгышты.

Ирактын жеринин бүтүндүгүнүн мааниси дагы бир жолу баса белгиленген сүйлөшүүдө, Эрдогандын Тегеранга 4-октябрда жасай турган сапары да сүйлөшүлдү.

Буга кошумча, Ирактын күрт аймактык башкаруусундагы (ИКАБ) референдумдун алдында Иракта чыңалуу күчөп баратат.

Багдад бийлиги эң акыркында Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) чек ара күзөт жерлери менен аэропортторун кайтарып берүү чакырыгын салды.

Багдад, эл аралык жамааттан да Ирактын күрт аймактык башкаруусу (ИКАБ) менен мунай зат соодасын токтотуусун суранды.



Тектеш кабарлар