Түркия чет өлкөгө аскер жөнөтө алабы?

БУУнун башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барган Эрдоган, Рейтерстин суроолоруна жооп берди.

811786
Түркия чет өлкөгө аскер жөнөтө алабы?

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын чет өлкөгө аскер жөнөтүү үчүн уруксат документин чыгара турганын айтты.

БУУнун башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барган Эрдоган, Рейтерстин суроолоруна жооп берди.

Ирактын күрт аймактык башкаруусунун 25-сентярбрда өткөрүүнү пландаган көз карандысыздык референдумуна Түркиянын реакциялары кандай болгонун суралганы боюнча Президент, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ишемби күнү кезексиз чогулуп чет өлкөгө аскер жөнөтүлүшү үчүн уруксат документин чыгара турганын маалымдады.

Эрдоган, Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңеши менен Министрлер кеңеши жыйналыш өткөргөндөн кийин бул темада чечим чыгара тургандарын айтты.

Эрдоган башка бир суроого жооп иретинде АКШ сыяктуу демократиялык бир өлкөнүн террористтерди баш калкалатуусунун санааркатуучу экенин айтты.

Эрдоган, 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин кылмышкери Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) АКШда жашап жаткан корбашчысынын Түркияга кайтарылып берилиши керектигин баса белгиледи.

АКШнын Сирия саясатында да жаңылыштыктар болгонун шилтеме кылган Эрдоган, бүгүнкү күндө террор уюму ДЕАШка карай күрөштө башка бир террордук уюм ПККнын аймактагы уландысы ПЙД менен кызматташуунун жаңылыш экенин айтты.



Тектеш кабарлар