Түркия Мексикага көңүл айтты

Түркия Мексикага колдоо көрсөтүүгө даяр

810592
Түркия Мексикага көңүл айтты

Түркия Мексикада кечээ болгон жана көп сандаган адамдын өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу Мексика өкмөтүнө жана элине көңүл айтып, тилектештик ичинде экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөнүн Пуэбла аймагында болгон жер титирөөнүн жүздөгөн адамдын жабыркашына жана чоң чыгымга алып келишине катуу капа болгондору белгиленди.

Билдирүүдө: «Мексика элинин кайгы-муңун тең бөлүшөбүз, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилейбиз. Дос Мексика өкмөтү жана эли менен күчтүү тилектештик ичинде экендиктерин кайталап жатып, зарыл болгон учурда Түркиянын Мексикага колунан келген колдоону көрсөтүүгө даяр экенин билдиребиз»- деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар