Казат түшүнүгү эң алдыңкы баалуулуктардын арасында болгон

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ардагерлер күнүнө карата өз билдирүүсүн жарыялады.

809433
Казат түшүнүгү эң алдыңкы баалуулуктардын арасында болгон

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 19-сентябрь ардагерлер күнүнөн улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Президент Эрдоган, билдирүүсүндө Анадолу жергесинин мекен кылынышында, улуттун жана өлкөнүн сакталып уланышында, казат (руханий баалуулуктар үчүн жүргүзүлгөн согуш) түшүнүгүнүн эң алдыңкы баалуулуктардын арасында болгонун белгилеп кетти.

«Цивилизациябыздын эң белгилүү өзгөчөлүктөрүнөн казат ишеничи, бизге 1071-жылы Анадолу жерлерин бергени сыяктуу Чанаккаледе, Боштондук согушунда өлкөбүздүн жана улутубуздун түбөлүккө жашай турганын бүткүл дүйнөгө ачык түрдө жарыялады» деген серебин салган Эрдоган, бул аймактардын рухунда, өлкөнүн ар бир ташы жана ар бир карыш жеринде аты жөнү билинбеген миллиондогон казат эринин, шейиттин жана ардагердин каны бар экенин белгилеп өттү.

Эрдоган, тарых бою канчалаган согуштарды, салыглашууларды башынан өткөргөн бул аймактын тургундарынын, эркиндиги жана келечеги үчүн ар дайым даяр турган улуттун балдары экенин баса белгиледи.

Эрдоган, өтмүштө фронттордогу согуштарда эркиндик жана келечегин коргоп калган улуттун, бүгүнкү күндө да Түркиянын тынчтыгына кастык кылган террор менен күрөшүүсүн улантканына көңүл бурду.

Эрдоган: «Бул улут, ардагер улут. Бул мекен, шейиттердин жана ардагерлердин бизге аманаты болуп саналат. Биз шейиттерибиздин, ардагерлерибиздин мурасын ылайыктуу түрдө келечек муундарга өткөрүп беребиз. Бул жерлерди мекен кылган, ушул убакка чейин алып келген ар бир шейитибизге, ар бир ардагерге, аты жөнү белгисиз бардык баатырларга таазим кылып ыраазычлыгыбызды билдиребиз. Ала таалам ыраазы болсун. Ушул себептен Республикабыздын куруучусу Ардагер Мустафа Кемалга боштондук күрөшүндөгү жол башчылыгынан улам «жол башчы» жана «ардагер» наамдарынын берилген күнүн жана Ардагерлер күнүн чын жүрөктөн куттуктайм, бардык ардагерлерибизге таазым этип ыраазычылыгымды билдирем»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар