Түркия Түндүк Кореяны айыптады

Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүн жарыялады

807907
Түркия Түндүк Кореяны айыптады

Түркия, эртең мененки убактарда баллистикалык ракетасын сынаган Түндүк Кореяны катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Корея Элдик Демократиялык Республикасынын 2017-жылдын 15-сентябрында аймактык жана эл аралык коопсуздук менен ырааттуулукту жоопкерчиликсиз түрдө көрмөксөнгө салып, баллистикалык ракетасын учуруусун катуу айыптайбыз»- деген сөздөргө орун берилди.

Билдирүүдө Түндүк Кореяга, БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомдорунда орун алган жоопкерчиликтерин орундатуу чакырыгы айтылды.  



Тектеш кабарлар