Ирактын жеринин бүтүндүгү коркунучка салынышына Түркия эч качан уруксат бербейт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жеке менчик бир телеканалда күн тартипке сереп салды.

808111
Ирактын жеринин бүтүндүгү коркунучка салынышына Түркия эч качан уруксат бербейт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) лидери Месут Барзаниге каршылыгын көрсөттү.

Эрдоган ИКАБдын 25-сентябрдагы көз карандысыздык референдумуна Түркиянын каршы чыгуусунун  андан 3 күн мурда боло турган Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышында дагы да түшүнкүтүү боло турганын айтты.

Эрдоган жеке менчик бир телеканалда күн тартипке сереп салды.

 Президент Режеп Таййип Эрдоган ИКАБдын 25-сентябрда элдик добуш берүүгө баруу боюнча өжөрдөнүүсүнүн себебинен Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышынын 22-сентярга жылдырылганын айтты.

Эрдоган Түркиянын бул референдум тууралуу сезимталдыгынын ИКАБ жана лидери Месут Барзани тарабынан Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышынан кийин дагы так түрдө көрүлө турганын айтты.

Эрдоган, Түркиянын бул элдик добуш берүү туурасындагы позициясын чындыгында Барзанинин абдан жакшы билгенин да белгилеп, «Биздин көп жылдардан берки Ирактын жеринин бүтүндүгү туурасындагы сезимталдыгыбызды билет. Керкүк өзгөчө бир аймак.  Муну да билип туруп, анан туруп алып өзүнө жараша операцияларды жүргүзүү аракетине киришин эч туура көрбөймүн»,-деп айтты.

Президент аймактагы түркмөн жана арабдар эске алынбай Ирактын жеринин бүтүндүгүн коркунучка сала турган кадам ташталышына Түркиянын эч качан уруксат бербей турганын айтты.

Бул учурда ИКАБ мажлиси 25-сентябрда референдум өткөрүлүшү токтомун кабыл алды.



Тектеш кабарлар