Фатма Бетүл Саян Кая Гамбиянын вице  - президенти менен жолугушту

Кая : «ФЕТӨ иш алып барган ар бир өлкө үчүн абдан чоң коркунуч»,- деди.

805784
Фатма Бетүл Саян Кая  Гамбиянын вице  - президенти менен жолугушту

Үй – бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Кая Түркия жана Гамбиянын Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ менен күрөшүүдө  үлгүлүү кызматташтык ичинде экендигин айтты. Кая : «ФЕТӨ иш алып барган ар бир өлкө үчүн абдан чоң коркунуч»,- деди.

Үй  - бүлө жана социалдык саясаттар министри Кая борбор шаар Анкарага келген Гамбиянын вице  - президенти жана аялдар тууралуу министри Ажа Атоуматта Тамбажанг менен жолугушту.

Гамбиянын ФЕТӨ менен күрөшүүдө Африка континентинде Түркияга эң күчтүү колдоону берген өлкөлөрдүн бирөөсү экендигин баса белгилеген Кая : «Маариф фондубуз менен кызматташтык ичинде Гамбияда биринчи баскычта бала бакча, башталгыч мектеп жана муктаждык боло турган болсо да университетке чейин билим берүү иштерин кеңейтүүнү максат кылган билим берүү мекемесин ачууну пландап жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар