«Соло Түрк» Бельгияны багындырды

Саниколе авиация клубу уюштурган 40-Эл аралык Авиация шоу көрсөтүүсү Бельгияда өткөрүлдү.

804503
«Соло Түрк» Бельгияны багындырды

Түрк аба күчтөрүнүн шоу көрсөтүүчү тобу «Соло Түрк» Бельгияда өз өнөрлөрүн тартуулады.

Саниколе авиация клубу уюштурган 40-Эл аралык авиация шоу көрсөтүүсү Бельгияда өткөрүлдү.

Орто эсеп менен 250 миң киши байкаган иш-чарада «Соло Түрк» алкыштардын коштоосунда шоу көрсөттү. Түрк учкучтарынын шоу көрсөтүүсү англис, француз жана флемен тилдеринде болуп көрүүчүлөрдүн татаал маневрларды дагы жакшы түшүнүүлөрү камсыздалды.

Шоу көрсөтүүнүн акырында «Соло Түрк» павильонунун алдына чогулган жүздөгөн көрүүчү түрк учкучтардан кол тамга алыш үчүн узун кезек түзүштү.

Хечтел-Эксел кыштагында өткөрүлгөн абадан шоу көрсөтүүсүнө «Соло Түрк» менен катар арасында Бельгия, АКШ, Англия, Франция жана Италия да орун алган өлкөлөрдөн көп сандаган авиация топтору катышты.



Тектеш кабарлар