Түрк аба жолдорунан АКШга кошумча каттамдар
«Ирма» борооруна байланыштуу кошумча каттамдар жүргүзүлөт
802709
![Түрк аба жолдорунан АКШга кошумча каттамдар](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a44e/2baf/fb60/59b0f8799c48d.jpg?time=1718860101)
Түрк аба жолдору АКШда таасирдүү болушу күтүлгөн «Ирма» бороонунан улам бүгүн 2 кошумча каттам жүргүзө турганын маалымдады.
Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүндө, АКШнын Флорида штатындагы «Ирма» бороорунун Майами каттамдарына терс таасирин тийгизиши күтүлгөнү белгиленди.
Билдирүүдө: «Майами аэропортунун туруксуз аба шарттарынын себебинен 2017-жылдын 8-сентябрында аянтты аба транспортуна жабуу ыктымалдуулугуна байланыштуу 7-сентябрь күнү 11.30да Стамбулдан учкан жана 21.00де Майамиден учкан кошумча каттамдар пландалууда»- деген сөздөр орун алды.