Түркиядан Мьянмарга айыптоо

Түркия 25 -  август күнү кечинде Мьянмарда  болгон кол салуудан кийин күч колдонууну айыптады.

798143
Түркиядан Мьянмарга айыптоо

Түркия 25 -  август күнү кечинде Мьянмарда  болгон кол салуудан кийин күч колдонууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Мьянмардын Ракайн аймагында 25 -  август күнү түнү болгон кол салуудан кийин коопсуздук күчтөрүнүн операцияларынын олуттуу бир адамзаттык кризиске себеп беришинен тынчсыздануулардын болгондугу белгиленип, ашыкча күч колдонуунун айыпталгандыгы билдирди.

Маалыматта : «Бул тууралуу тынчсызданууларыбыз Мьянмар мекмемелерине билдирилди. Операцияларда жарандардын зыян тартпашын, аймакка гуманитардык жардамдардын үзгүлтүксүз келишинин мааниси баса белгиленди»,- деп айтылды.

Мьянмардан Бангладешке өтүүгө аракет кылган рохингьяларга керектүү жеңилдиктердин берилүүсү күтүлүп жаткандыгы жана бул тууралуу жардам сунушунун Бангладеш мекемелерине билдирилгендиги белгиленген маалыматта : «Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы менен сүйлөшүлүп уюмдун эртерээк аракетке өтүшүн күтүп жаткандыгыбыз билдирилди. Ислам Кызматташтык Уюмунун Аткаруу Комитетинин мүчөсү өлкөлөрдүн негизинде да аракет кылынууда»,- деп айтылды.

 



Тектеш кабарлар