Бинали Йылдырым, Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэлди катуу айыптады

Премьер-министр Бинали Йылдырым жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу сынга алышты.

796778
Бинали Йылдырым, Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэлди катуу айыптады

Премьер-министр Бинали Йылдырым, президент Режеп Таййип Эрдоганды сындаган Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэлди катуу айыптады.

Йылдырым, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине сереп салып жатканда «Маселебиз түрктөр менен эмес, Эрдоган менен» деген Габриэлге, «Өз ишин билсин. Өз мамлекетинин ишин карасын, Түркияга багыт берүүгө аракет кылышпасын. Эч ким Түркияга багыт бере албайт. Түркиянын ички иштерине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок»,-деп үн салды.

Габриэлди тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да сынга алды.

Чавушоглу, Польшанын борбор калаасы Варшавадагы маалыматында, «Германиядан чээнден чыккан билдирүүлөрдү угуп жатабыз, шайлоолор убактылуу, достуктар туруктуу, кылдат болууларын тилеймин. Шайлоонун алдында популист болуунун кереги жок. Германия чектен чыкпашы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар