Чавушоглу Эрбилде Барзани менен жолукту

Чавушоглу, Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месут Барзани менен Эрбилде жолукту.

795842
Чавушоглу Эрбилде Барзани менен жолукту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Ирактын жеринин бүтүндүгүн жана күрттөрдүн укуктарын жактаганын айтты.

Чавушоглу аймактын тынчтыгын жана ырааттуулугун каалагандарын белгилеп, «Ирактын жеринин бүтүндүгүн колдойбыз. Күрт аймактык башкаруусунун укуктарын жана күрт туугандарыбыздын укуктарын ар дайым так түрдө жактайбыз»,-деди.

Чавушоглу, Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месут Барзани менен Эрбилде жолукту.

Андан соң басма сөзгө маалымат берген министр Чавушоглу, Багдадда Ирактын президенти Фуад Масум, Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади жана Ирак Парламентинин төрагасы Селим аль-Жубури менен абдан жемиштүү жолугушууларды өткөргөнүн жана Эрбилде Барзани менен ДЕАШка каршы операция, ПКК жана ошол эле учурда күн тартипте болгон элдик добуш берүүнү сүйлөшкөндөрүн айтты.

Түркиянын элдик добуш берүү тууралуу көз карашын Барзаниге так түрдө билдиргендерин баса белгилеген Чавушоглу: «Биз бул аймактын тынчтыгын жана ырааттуулугун каалайбыз. Ирактын жеринин бүтүндүгүн колдойбыз. Күрт аймактык башкаруусунун укуктарын жана күрт туугандарыбыздын укуктарын ар дайым так түрдө жактайбыз»,-деп айтты.

Чавушоглу, элдик добуш берүүнүн аймакка тынчтык жана ырааттуулук алып келбей турганына ишенгендерин белгилеп өттү.

Мындан мурда Керкүктө мамлекеттик имараттарга желек илинишин туура көрбөгөндөрүн эске салган Чавушоглу, элдик добуш берүүнүн да туура болбой турганына ишенгендерин айткандарын белгиледи.

Барзани менен жолугушуусунда террор менен күрөшүүнүн да каралганын айткан Чавушоглу: «ДЕАШ дагы, ПКК дагы бул жерде жалгыз гана биз үчүн коркунуч эмес, бардыгыбыздын орток душманы болду. Ирак калкы жана өкмөтүнүн да душманы. Экөө тең ошол эле убакта Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун душманы. Биринчи максаты аймактык башкаруу жана экинчи максаты Түркия. Бул террор уюмдарына каршы бардыгыбыз бирге күрөшүүбүз керек. Бул темада эрк бар, чечкиндүүлүк да бар. Бул сапарда ошону көрдүм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар