Орусия менен Түркиянын ортосунда С-400 ракеталык коргонуу системалары боюнча кол коюлду

Анкара менен Москва С-400 ракеталык коргонуу системасы үчүн кол коюшту.

794773
Орусия менен Түркиянын ортосунда С-400 ракеталык коргонуу системалары боюнча кол коюлду

Орусия менен бардык тармакта өнүгүп уланган кызматташтык коргонуу тармагында да уланууда.

Мындан мурда принцип боюнча макулдашкан Анкара менен Москва С-400 ракеталык коргонуу системасы үчүн кол коюшту.

Келишимдин күчүнө кириши үчүн техникалык деталдардын үстүндө иштелип жатат.

Бул маалымат Орусиянын мамлекеттик курал фирмасы Рособоронэкспорттун башкы директору Александр Михеевден келди.

Михеев: «Түркия менен С-400 ракеталык коргонуу системалары үчүн керектүү кол коюлду, бирок азырынча күчүнө кире элек»,-деди.

С-400 ракеталык коргонуу системалары тууралуу Түркия жана Орусиянын ортосундагы кеңешүүлөрдүн уланганы, айрым техникалык деталдар боюнча иштеп жаткандары белгиленди.

Президент Эрдоган, Орусиядан алына турган С-400 ракеталык коргонуу системалары үчүн принцип келишимине кол коюлганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар