АКШнын коргоо министри Түркияда...

Бир күндүк сапарда Маттис, президент Режеп таййип Эрдоган жана улуттук коргоо министри Жаникли менен жоугушат.

795141
АКШнын коргоо министри Түркияда...

Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Жеймс Маттис, Иордания жана Ирактагы жолугушууларынан кийин Түркияга келди.

Бир күндүк сапарда Маттис, президент Режеп таййип Эрдоган жана улуттук коргоо министри Жаникли менен жоугушат.

Жолугушууларда Эрбил башкаруучулугунун 25-сентябрда өткөрүүнү пландаган референдуму эң маанилүү күн тартиптеги тема болот.

АКШнын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДга карай курал жардамы да күн тартипке келет.

Маттистин сапары убагында ПЙД кризиси тууралуу кеңири отчет сунуштай турганы айтылууда.

Жолугушууларда Иракта жекшемби күнү башталган Телафер жана Сириядагы ыктымалдуу Идлиб операцияларынын да талкууланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар