Орусия менен бардык тармакта кызматташуубузду өнүктүрөбүз

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу,86-Эл аралык Измир жарманкесинин ачылышында  сөз сүйлөдү.

794608
Орусия менен бардык тармакта кызматташуубузду өнүктүрөбүз

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусия менен соода, экономика жана энергетика тармагында карым-катнаштарды эң жогорку деңгээлге жеткириш үчүн иштеп жаткандарын айтты.

86-Эл аралык Измир жарманкесинин ачылышында  сөз сүйлөгөн Чавушоглу: «Орусия менен экономикалык карым-катнаштар менен катар саясий карым-катнаштарыбызды да эң жогорку деңгээлге жеткирүү үчүн иштеп жатабыз. Аймактык кызматташуубузду күчтөндүрүүдөбүз. Булардан бири да Сирия. Жана Сирия аркылуу Орусия менен Түркия арасындагы кызматташтык бүгүнкү күндө (аймакта бир аз болсо да) ок атпоонун камсыздалышы темасындагы кадамдардын ташталышын камсыздады. Ошон үчүн Орусияга бул аймактык кызматташтыгы үчүн айрыкча ырахматымды айтамын»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу: «Жарманкебиз жыл сайын салттык түрдө бир өнөктөш өклөнүн катышуусунда өтөт. Орусия Федерациясынын быйылкы эл аралык жарманкеде өнөктөш өлкө катары катышуусу негизинен Түркия жана Орусиянын ортосундагы карым-катнаштардын келип жеткен жеринин көрсөткүчү. Сочи сапарыбызда да урматтуу президентибиз Эрдоган менен Орусия Федерациясынын Президенти Путин, Орусиянын бул жарманкеге өнөктөш өлкө катары катышуусу темасында акыркы чечимди чогуу чыгарышкан. Мен да ошол жыйналышта болчумун. Сүйүктүү досум Александр Новак да ошол жыйналышта болчу»,-деди.

Быйыл жарманкенин негизги темасынын инновация жана энергетика болгонуна токтолгон Чавушоглу, Орусиянын энергетика темасында Түркиянын абдан маанилүү өнөктөшү болгонун белгилеп кетти.

Чавушоглу, жарманкенин алкагында Орусия менен калган көп тармакта да сүйлөшүүлөр жүргүлүлүп жатканын белгилеп: «Визалардын жоюлушу үчүн иштерибиз уланууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар