Германия менен Түркиянын карым-катнаштары экономикага чейин бүт бойдон аралашкан абалда

ЕБ боюнча министр Челик, бир телеканалда күн тартипке сереп салды.

794052
Германия менен Түркиянын карым-катнаштары экономикага чейин бүт бойдон аралашкан абалда

Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, Германия менен Түркиянын карым-катнаштарынын экономикага чейин бүт бойдон аралашкан абалда экенин белгилеп өттү.

ЕБ боюнча министр Челик, бир телеканалда күн тартипке сереп салды.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Бажы Биримдиги тууралуу сөздөрүнүн эске салынганы боюнча мунун эки тараптын тең каалаган техникалык тема болгонуна токтолгон Челик, маселенин саясий бузукулуктун алкагына алынуусунун Европа Парламентинен келип чыкканын түшүндүрдү.

Меркелдин бул темага байланыштуу жарыясынын бактысыздык болгонун баса белгилеген Челик, жикчилдер ЕБне Германиянын башкаруусунда болушунун себебинен каршы чыкканын жана түздөн-түз ЕБнин өлкөсүндө болгон бир тема боюнча «бул мындай болот» түрүндөгү буйрук берилишинин да жикчилдердин тезистерин күчтөнткөнүн айтты.

Министр Челик, Кипр темасында кеңири сүйлөшүүлөрдүн эми бүткөнү жөнүндөгү жарыяларына байланыштуу да бул процессти рум тарабынын балталаганын эске салды.

«Бир сүйлөшүү түбөлүккө дейре белгисиздик абалынын адреси боло албайт. Бардыгы талкууланды»,-деп айткан Челик, мындан кийинки процессте Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Түркиянын керектүү кеңешүүлөрдү кылып кантип илгерилей турганына карай турганын түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар