Түрк душмандарына добуш бербегиле

Эрдоган жума намазынан чыкканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

792738
Түрк душмандарына добуш бербегиле

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Германияда алдыдагы айда боло турган парламенттик шайлоолордо добуш бере турган түрк жарандарына «Түрк душмандарына добуш бербегиле» деген чакырык таштады.

Эрдоган жума намазынан чыкканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Канцлер Ангела Меркелдин «Түркия менен Бажы биримдиги келишими жаңыланбасын» түрүндөгү сөздөрүнө катуу каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Учурда Германия эмнени айтып жатат. Шайлоо үчүн SDP (Социал демократ партия) жана Христиан демократтар катары «Түркияны канчалык жамандасак ошончолук көп добуш алабыз» деген сыяктуу эсеп кылып жатышат. Германиядагы жарандарыма буларды айтамын; булардын баардыгы Түркия душмандары, SDP, Христиан демократтары, Жашылдар партиясына добуш бербегиле. Түркия душмандыгын кылбагандарга колдоо көрсөткүлө. Бул Германияда жашаган бардык атуулдарыбыздын намыс күрөшү»,-деди.

Эки тараптуу карым-катнаштардагы чыңалуунун Германиянын теманы чики саясат материалы кылышынан келип чыкканын баса белгилеген Эрдоган: «Түркиянын чыңалууну басаңдатуу чегинде кандайдыр бир жоопкерчилиги жок. Эгерде бул темада жоопкерчилик изделип жатса мунун башкы жооптуусу Германиянын өзү болуп саналат. Германия ушул убакка дейре өзүнүн ички саясий талаш-тартыштарын тынымсыз түрдө Түркия менен алп урушууга бөлдү. Калган Европа Биримдиги өлкөлөрүн да кошуп алып бул процесске жеткирди. Германия, ЕБнин мыйзамдарына баш ийбеген өлкө абалына айланды»,-деди.



Тектеш кабарлар