АК партияда түптүү өзгөрүүгө муктаждыгыбыз бар

Президент жана АК партиянын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, АК партиянын түптөлгөнүнүн 16 жылдык мааракесине карата  Синжандагы Кереметтер жеринде уюштурулган салтанатта сөз сүйлөдү.

790831
АК партияда түптүү өзгөрүүгө муктаждыгыбыз бар

Өлкө башчысы  жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, АК партиянын түптөлгөнүнүн 16 жылдык мааракесине карата  Синжандагы Кереметтер жеринде уюштурулган салтанатта сөз сүйлөдү.

Өлкө башчысы Эрдоган өз сөзүндө: “Бүгүн мекемелик түзүм катары АК партиянын негизделгенинин 16-жылын майрамдап  жатабыз. Бирок АК партиянын окуясы, миңдеген жылдык тарыхка ээ. АК партиясы, дүйнөгө күн сыяктуу жарык берген улуу цивилизациянын бүгүнкү күндө туусунун көтөрүлүшүнө, кызмат кылуусун уланткан партия. АК партиясы түрк улутунун миңдеген жылдар бою  үзгүлтүккө учурабай улантып келген мамлекеттик мурастоосунун бүгүнкү аты Түркия Республикасын жашатуу үчүн күндүзү да, түнкүсүн да иштеген партия, ”- деди.

Эрдоган: “ 11 миллион мүчөбүзгө Синжандан, Анкарадан үн салып жатам; 2019- жылы мартта, 2019-жылы ноябрда бул нерсени экиге көбөйтүүгө даярбызбы? Бул нерсени экиге көбөйткөнүбүздө билесиздер өнүгүүбүз башкача болот. Кудай буюрса президенттик башкаруу системасы, 2019-жылы ноябрда башкача болот жана 2019-жылы мартта башкача болот, ”- деп айтты.

“АК партиянын Түркияга  пайда алып келүүлөрүнүн ар бири албетте өтө маанилүү, өтө баалуу”, деген Эрдоган, “Бирок эч ким кереметти өзүндө көрбөсүн. Биздин ийгиликтерибиздин артында  улутубуз менен курган күчтүү байланыш, андан алган чоң колдообуз бар. АК партиясы эч кими жоктордун бирөөсү, үнүн угуза албагандардын үнү, күчү жетпегендердин манжасы, колу болгону үчүн ушунча жыл элибиз тарабынан колдоого ээ болду. Биз бул партияны элибиз менен курдук, кол салууларга элибиз менен көкүрөгүбүздү тостук ” - деп айтты.

Президент жана АК партиясынын жетекчиси Эрдоган, сөзүн мындайча улады: “Саясат майданы эр майданы. Эгер ийгилик кааласаңыз, бийликти кааласаңыз иштейсиз, тердейсиз, күрөшөсүз. Болбосо Германиянын “Фокс” журналына Ак Партияны жамандоо менен бийлик боло албайсың. Башка жактан туруп жалган толгон ар түрдүү коррупция жасоо менен Ак Партияны чөгөлөтө албайсың. Эгер жүрөгүң бар болсо чынчыл болушуң керек жана ушул жолдо кандай сөз берсең ошону жасашың керек”.

 

“Өзгөрүү табигый көрүнүш”

Өзгөрүүнүн табигый көрүнүш экенин белгилеген Эрдоган, өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди:“Конгресс сайын уюмдарды ар шайлоодо депутаттарыбызды, мэрлерибизди, ошондой эле, алардын алдындагы комитеттерди, облустук жалпы кеңештерди, аймактык кеңештерди белгилүү теңдикте буга чейин да өзгөртүп келгенбиз. Бир гана бул жолу ири өзгөртүү киргизүүгө зарылдык бар. Өз ишин ийгиликтүү аткарган кызматкерлер менен албетте мындан ары да иштешебиз. Бир топ жылдан бери партиябызга маанилүү кызмат өтөгөн досторубуздун айрымдары менен башкача нукта иш жүргүзүүгө муктаждыгыбыз бар. Ошондой эле, канча жыл иштеп кыйынчылыкта жана тамтыгы кеткен  абалда  кызматын өткөрүп берүүгө даяр кызматкерлерди ансыз деле билебиз.”

 

“Мунун баары жоюунун бир аракети эмес”

Мамлекет башчы Эрдоган, айрыкча Ак партиянын  аймактык, айылдык конгресстерде жергиликтүү конгресстерин жана дайындоолорун аткаргандандарын белгилеп:“Эми райондор баштайт. Облустар баштайт. Мына ушинтип буйруса февралдын аягына чейин бардыгын бүтүрөбүз. Жаңы бир процесс. Мунун баары жоюунун бир аракети эмес, бул ушинтип билиниши керек.  Желек жарышы катары көргөн кызмат кербенинде кызматтык өзгөрүү чындыгында табигый нерсе. Негизинен Ак партиянын түндүгүнүн алдында өлкөгө жана элге кызмат көрсөтүү үчүн эч бир ыйгарым укукка, эч бир кызматка да муктаждык жок. Өзүн бул чоң үй-бүлөнүн мүчөсү катары эсептеген ар бир адам, партиясы же өлкөсү үчүн колунан келгенин кылган жана мындан кийин да кылаарына ишенем. Уюмдарда өзгөртүү  зарылдыгын баса белгилегенимдин  себеби, 2019-жылга чейин даярдык көрүшүбүз  керек болгондугу. Ошол үчүн дагы ынталуу болушубуз керек”, -деген сөзүн айтты.

“15-июлдагы шейиттерибизге, террор менен күрөшкөн шейиттерибизге, соңку Караденизде залим октордун бутасы болгон 15 жаштагы Эрен чүрпөбүзгө уят болбош үчүн койгон максаттарыбызга жетебиз”,-деген Эрдоган “Бул үчүн 2019-жылдагы шайлоолордо элибиз менен 2002-жылдан бери үзгүлтүксүз тазалаган келишимибизди дагы бир жолу жана дагы да күчтүү абалда буйруса жаңылайбыз”,-деди. 

Эрдоган:“ФЕТӨ баш болгон террордук уюмдар менен байланышы бар кишилерди партиябыздан алыс кармоо, баарыбыздын  башкы милдетибиз. Буга тийиштүү майда нерсе болсо да көз жумбашыбыз керек,” -деди.

 “Биз келген убакта жаштар 45 лира стипендия алышчу, азыр болсо 425 лира”

Биз келген убакта стипендия катары жаштар эмне алышчу...45лира. Учурда 425 лира. Жаңы окуу жылында урматтуу премьер-министр бир аз дагы көбөйөт деп ойлоп турам. Дагы жакшырышын каалайм. Жаштарга дагы мунун кадыр баркын билишет деп ишенем” деген Эрдоган, “108 жаңы университет ачтык, жалпы көрсөткүч 184тү түздү. Эми университети болбогон облусубуз жок. 81 облуста университеттерибиз бар. Кээ бир облустарда, Стамбул, Анкаранын сыртында да эки үч университет курулду. Жаштар жана спорт тармагында 537 жаңы жогорку билим берүүчү окуу жайлардын жатаканасын ачтык, жалпы саны 727ге чыкты” -деп билдирди.

Эрдоган мындай деп сөзүн улантты: “Учурда көп сандаган медицина жана саламаттыкты сактоо университеттерин курууну максат кылуудабыз, дарыгерлерибизди көбөйтөлү, жетишпегендик болбосун. Булар бизден мурда болгон нерселер эмес. Биз менен башталды жана көбөйүү менен уланат.

“Биз баш калкалаган коопсуз жай кайрадан элибиз болду”

Өлкө башчы Эрдоган, “ 2007-жылдын 27-апрелиндеги отчет жана буга каршы өкмөтүбүздүн берген күчтүү жообу, өлкөбүз үчүн тарыхый бир бурулуш. Ак Партияга өлкө башчыны тандатпоо үчүн ойногон оюндар, көрсөткөн мыйзам башаламандыктары. Уюштурулган митингдерге каршы баш калкалаган коопсуз жай кайрадан улутубуз болду” -деди.



Тектеш кабарлар