Түркия ASEANдын тармактык диалог өнөктөшү

Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Түштүк Чыгыш Азия Өлкөлөрүнүн Биримдигинин (ASEAN) тармактык диалог өнөктөшү болгонун билдирди.

785360
Түркия ASEANдын тармактык диалог өнөктөшү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Түштүк Чыгыш Азия Өлкөлөрүнүн Биримдигинин (ASEAN) тармактык диалог өнөктөшү болгонун билдирди.

ASEANдын Тышкы иштер министрлеринин 50-жыйналышына катышканы Филиппиндин борбор калаасы Манилага барган Чавушоглу Филиппиндин тышкы иштер министри Алан Петер Каетано тарабынан берилген салтанаттуу кечки тамактан кийин ТРТ жана Анадолу маалымат агенттигине маалымат берди.

Министр Чавушоглу, ASEANга тармактык диалог өнөктөшү статусу үчүн Түркиянын 2015- жылы кайрылганын эске салып,

“ Жол картабыз дагы, иш- аракет пландарыбыз дагы ASEANга мүчө болгон өлкөлөр тарабынан түшүнүү менен кабыл алынды. Негизинен ASEANдын бул макамына кайрылган башка өлкөлөр дагы бар болчу, бирок бул жылы бир гана Түркияныкын кабыл алышты. Албетте бул Түркиянын көп түрдүү тышкы саясатка ылайыктуулугунан келип чыгууда”- деди.

Түркиянын Лаосто да ачыла турган элчилиги менен   ASEAN аймагындагы бүт өлкөлөрдүн борборунда өкүлчүлүктөрүнүн орун алаарын билдирген Чавушоглу: “Саясий жана институттук жактан бул аймактагы өлкөлөр менен карым- катнаштарыбыз дагы да жакшырат. Айрыкча ASEAN бир гана саясий уюм эмес, экономикалык уюм болду. ASEANга мүчөсү өлкөлөр менен эки тараптуу соода көлөмү дагы ылдам болот. Өзгөчө ишкерлерибиз үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөр пайда болот”- деп билдирди.

Чавушоглу Түркиянын мурун Түркия кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (TIKA), Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD) жана Түрк Кызылайы сыяктуу мекемелер аркылуу жеткирилген гуманитардык жана өнүгүү жардамдарын мындан кийин ASEAN тарабынан да координациялана турганын билдирди.



Тектеш кабарлар