Бодрумда эс алган атактуу кишилер

Мугланын Бодрум району бул сезондо да жергиликтүү жана чет элдик конокторду тосуп алууну улантууда.

785247
Бодрумда эс алган атактуу кишилер
bodrum, turizmi.jpg

Теңдеши жок,  табигый  түзүлүшү жана тарыхый аянттары менен келгендердин кеткиси келбеген Мугланын Бодрум району бул сезондо да жергиликтүү жана чет элдик конокторду тосуп алууну улантууда.

Жакшы эс алуу өткөрүүнү каалагандардын тандаган жери болгон райондо Түркияны сүйгөн чет элдик ишкерлер, актерлор, саясатчылар, королдор, актрисалар сыяктуу таанылган бир топ киши ишенимдүү эс алуусун улантууда.

Бодрумду тандагандоо себептеринин башында райондун тынчтыгы, жалгыз калууга боло турган чоң  - кичине жүздөгөн булуңунун болушу жана деңиздин тазалыгы. Районго акыркы болуп келгендердин арасында болсо яхталары менен келген украиналык ишкер Александр Ярославский, мексикалык ишкер Рикардо Салинас Плиего, Даниянын королдук үй  - бүлө мүчөсү, англис модель  Кейт Мосс жана бразилиялык модель Адриана Лимма жана башка саясатчылар менен чет элдик журналисттер да бар.

Акыркы күндөрдө Түркияга каршы сөздөрү менен көңүлдөрдү бурган жана немис туристтердин келбеши үчүн кара пропаганда жүргүзгөн немис  Bild гезитинин мурунку негизги редактору Кай Дикманн да Бодрумда эс алгандардын арасында.

Дикманндын Бодрумдун белгилүү Торба булуңундагы эс алуу борборунда экендиги жана кээ кээде да райондун ачылбаган булуңдарында яхта менен кыдыргандыгы жана көгүлтүр турга чыккандыгы билдирилди.

Түркияга каршы тескери көз караштары менен белгилүү Дикманн социалдык медиа эсебинен да Бодрумдун булуңдары, теңдеши жок күн батышы жана көгүлтүр тур фотографияларын бөлүшүүсү менен көңүлдөрдү бурууда.



Тектеш кабарлар