Стамбулда чогулган Ислам Кызматташтык Уюмунан айыптоо

Стамбулда чогулган Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин  аткаруу комитети Израилдин акыркы учурлардагы провокациялык кыймылдарын катуу айыптады.

782215
Стамбулда чогулган Ислам Кызматташтык Уюмунан айыптоо

 

 Стамбулда чогулган Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин  аткаруу комитети Израилдин акыркы учурлардагы провокациялык кыймылдарын катуу айыптады.

Харем – и Шерифке байланыштуу акыркы абалдарды да карап чыгуу үчүн Түркиянын чакыруусу менен Стамбулда чогулган Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министлеринин  аткаруу комитетинин жыйынынан кийин жарыялаган жыйынтык билдирүүсүндө Иерусалимдин ислам башкаруусунда болгон кылымдар боюнча көрсөтүлгөн оптимисттик баса белгиленди.

Акса мечитинин исламдын биринчи кыбыласы жана эң ыйык үч мечитинин бирөөсү экендиги баса белгиленген билдирүүдө Иерусалмдин мусулман үммөт үчүн диний жана руханий мүнөзү менен «колониячыл Израиль баскыны» себеп болгон бардык коркутууларга каршы коргоо чечкиндүүлүгү баса белгиленип: «Акса мечитинин жабылышы палестиналык мусулман жана христиандардын табигый укугу болгон ыйык жерлерде ыбадат кылуусуна топ түрүндө жаза берүү жана ыбадатын кылган палестиналыктарга каршы өлүмчүл жана ашыкча күч колдонуу жолу менен тыюу салынышы болуп, Израилдин акыркы учурлардагы провокациялык кыймылдарын күчтүү түрдө айыптайбыз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар