Түркия, Кувейт тарабынан улантылган аракеттерге жана башка демилгелерге колдоо көрсөтөт

Ибрахим Калын, Катар кризисине диалог менен чечим табуу демилгелерин колдогондорун айтты.

776695
Түркия, Кувейт тарабынан улантылган аракеттерге жана башка демилгелерге колдоо көрсөтөт

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Катар кризисине диалог менен чечим табуу демилгелерин колдогондорун айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Сауд Арабия, Кувейт жана Катарга жасаган сапары тууралуу маалымат берген Ибрахим Калын, сапарларында эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Сирия жана Иракта болуп жаткан абалдар, террор менен күрөшүү сыяктуу аймактык маселелердин каралганын айтты.

Калын: «Урматтуу президентибиз, Түркиянын Перс булуңу аймагында болгон кризистин ашылып өтүлүшү максаты менен Кувейт тарабынан улантылган аракеттерге жана башка демилгелерге колдоо көрсөткөнүн айтты. Кризистин сүйлөшүү жана диалог жолу менен чечилиши үчүн учурдагы демилгелердин улантылышы жагдайында кесиптештери менен бирдей пикирде болду. Айрыкча Ислам өлкөлөрүнүн биримдикте кыймыл кылышынын жана өлкөлөрдүн эгемендик укуктарынын корголушунун мааниси баса белгиленди. Инвестициялар, туризм жана коргоо өнөр жайынан баштап учурдагы карым-катнаштардын күчтөндүрүлүшү темасында макулдашылды»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар