Эрдогандын Кувейттеги жолугушуусу

Эрдоган, Перс булуңу өлкөлөрүнө сапарынын 2-аялдамасы Кувейтте эмир шейх Сабах эл-Жабир эс-Сабах менен жолукту.

776258
Эрдогандын Кувейттеги жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Перс булуңу өлкөлөрүнө сапарынын 2-аялдамасы Кувейтте эмир шейх Сабах эл-Жабир эс-Сабах менен жолукту.

Эрдоган, Кувейт Эл аралык аэропортунун Эмирлик терминалына барганда Эс-Сабах тарабынан тосулуп алынды.

Андан соң 2 лидер, жабык эшик артында өз алдынча 1 саатка созулган жолугушуу өткөрдү.

Кувейттин расмий кабар агенттиги KUNAнын кабарына караганда аймактагы акыркы абалдар жана орток маселелер каралган жолугушууда, эки тараптуу карым-катнаштар менен эки өлкөнүн кызыкчылыктарына байланыштуу темалар каралганы маалым болду.

Кабарга караганда дос жана урмат-сыйлуу чөйрөдө болгон жолугушууда эки өлкөнүн арасындагы учурдагы карым-катнаштардын бардык деңгээлдерде,  эки өлкөнүн калктарынын кызыкчылыктарынын талаптарына жараша өнүктүрүлүшү жана күчтөндүрүлүшү боюнча макулдашышты.

Президент Эрдоган, андан соң Кувейт эмири Сабах тарабынан урматына берилген кечки сый тамагына катышты.

Дар Салва сарайындагы кечки сый тамак да басма сөзгө жабык өттү.



Тектеш кабарлар