Германия Түркияга кыр көрсөтүүдө

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, түрк калкы эч бир коркутууга муюбастыгын, муну эң жакшы Германиянын билгендигин айтты.

775320
Германия Түркияга кыр көрсөтүүдө

Чавушоглу, тарыхтагы Түрк мамлекеттеринин, Түркия Республикасынын жана түрк улутунун эч бир коркутуу жана сестентүүгө баш ийбей турганын баса белгилеп: “Андыктан, бул коркутуу, кыр көрсөтүүлөр Түркия үчүн суу кечпей турганын билүү керек”,-деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, аталган коркутууларга мамлекет тарабынан олуттуу баа берилип, каршы тарапка жооп бериле тургандыгын белгиледи.

Тышкы иштер министрлиги, Германиянын, Түркиядагы террорго шектелген качкындарды суракка албастан эркин кое бериши сыяктуу кабыл алгыс талаптарды койгондугуна каршы экенин айтты.

Министрлик акыркы учурда эки өлкө ортосунда ишенимдин жоктугу Германиянын кош стандарттарга таянган көз карашынан экенин белгилеп:

“Германия, биринчиден, мамлекетибиздин тынчтыгын бутага алган ПКК жана ФЕТӨ террордук уюмдарынын мүчөлөрүнүн өлкөсүндө эркин жүрүшүнө көз жумууда. Экинчиден, өлкөбүздөгү террорго шектелип кармалган жана колго түшкөн качкындарды да суракка албастан бошотуу сыяктуу кабыл алгыс талаптарды коюуда “,-деди.

Германия бийлиги, түрк эл өкүлдөрү жана министрлеринин Германияда жашаган түрк мекендештери менен жолугушуусуна тоскоолдук жараткандарын, террордук уюмдар менен жакын мамиледеги немис парламентинин Түркиянын эгемендиги алдындагы аскердик базаларга каалаган учурда кирүүгө укуктуу деп айткан билдирүүсүндө: “Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэлдин айткандары бир жактуулуктун апыртмалуу мисалы”,-деп белгиледи. 

Габриэль, түрк сотуна кийлигишүүсүнө уруксат берилбегендиги үчүн, Түркияга багытталган саякат эскертүүсүн тыгыздаштыруу, Бажы биримдигинин жаңылануусуна каршы болуу, инвестицияларды колдобоо, Европа Биримдигинин Түркияга кошулуу боюнча берилген фонддорун кайрадан кароо сыяктуу сөздөр менен кыр көрсөткөн эле.   

 



Тектеш кабарлар