Тунжелиде шейит болгон Нежметтин мугалимдин каны жерде калган жок

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу жуманын акырында мугалим Нежметтин Йылмазды качырып шейит кылган ПКК террордук уюмунун алты мүчөсүнүн өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

774458
Тунжелиде шейит болгон Нежметтин мугалимдин каны жерде калган жок

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу жуманын акырында мугалим Нежметтин Йылмазды качырып шейит кылган ПКК террордук уюмунун алты мүчөсүнүн өлтүрүлгөндүгүн билдирди. Терористтер куралдуу учкучсуз аба унаасы менен атылып, өлүү колго түшүрүлдү.

Хаккари элетинде аныкталган үч террорист да абадан жүргүзүлгөн операцияда өлтүрүлдү. Ошондой эле Шырнактын Бейтүшшебап районундагы операцияда эки үңкүрдө заргос снайпер автоматы менен көп сандаган материал колго түшүрүлдү. Силопи жана Бейтүшшебап менен Сиирттин элет жеринен табылган жарылуучу заттар да жардырылды.

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Хакрук аймагынан чек ара жолундагы пункт менен база аймактарына жүргүзүлгөн операцияда буктурмалар менен үч баш калкалоочу жер жардырылды.

 

 



Тектеш кабарлар