Эрдоган Кипрге жардам берүүгө даяр

Өлкө башчы Режеп Таййип Эрдоган 20- июлда Тынчтык жана Эркиндик майрамына карата Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өлкө башчысы Мустафа Акынжыга билдирүү жөнөттү.

774645
Эрдоган Кипрге жардам берүүгө даяр

Өлкө башчыcы Эрдогандын билдирүүсүндө,

«Кипр Түрктөрүнүн аралдагы тынчтыкка жана чечим табууга болгон байланыштуулугу бардык жолдор менен далилденгени жана адилетсиз жана мыйзамсыз чектөөлөргө карабастан демократиялык баалуулуктарды, тилектештикти жогору баалап, чечкиндүүлүгү менен болуп жаткан сыноолорго туруштук берип жатканы, туруктуулукка жана эрктүүлүккө ээ болгону»,  айтылат.

Түрк тараптын чечим табууга жана тынчтыкка болгон көз карандылыгын мисал келтирген Эрдоган: «Кипрде адилеттүү, туруктуу жана кеңири чечим табууга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысынын Жакшы Ниет миссиясынын айланасында, Аралдагы эки тараптын ортосунда, ар бир тараптын саясий теңдиктин негизинде жаңы бир шериктеш мамлекетти орнотууну көздөгөнүнө сүйлөшүүлөр маалында дагы бир жолу күбө болдук. Учурда көрсөткөн жакшы ниеттүү жана достук көз карашыңызга Рум тарап макулдашкыс таризде жооп бериптир. Швейцариянын Кран- Монтана кыштагында кайрадан чогулган Кипр Конференциясы, тилекке каршы ушул себептүү жыйынтыксыз аякталыптыр, сүйлөшүүлөрдөн да майнап чыкпаптыр»- деди.

Мындан кийин Түркиянын, Кипр Түрк элинин түбөлүккө чечилбес маселелерге садага чабылуусун, эч бир укуктук себеби жок чектөөлөргө дуушар болуусун карап тура турганын күтпөшү керектигин белгилеген Эрдоган,

«Түркия бүгүнкү күнгө чейин кандай болсо, мындан кийин да дайым Кипр Түркүнүн жанында болоорун, ТКТРсын колдоосун улантат. Керек болсо Кипр аралында, атүгүл Чыгыш Жер Ортолук деңизде тынчтык, эркиндик жана туруктуулук маселелерине кепил болот»- деди.

 



Тектеш кабарлар