Улуттук коопсуздук кеңешинин жарыясы

Улутук коопсузудк кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде 6 саатка созулган жыйналыш өткөрдү.

772608
Улуттук коопсуздук кеңешинин жарыясы

Улуттук коопсуздук кеңеши Түркиянын чек араларын бойлой террор мамлекети курулуусуна эч качан уруксат бербей турганын билдирди.

Улутук коопсузудк кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде 6 саатка созулган жыйналыш өткөрдү.

Жыйналыштан кийин жарыяланган жыйынтыктоочу билдирүүдө, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) жикчил террор уюму ПКК менен Сириядагы уландылары ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарынан баштап улуттук коопсуздукка багытталган ар түрдүү коркунучка каршы укуктун чектеринде көрүлгөн чаралар менен террордун соңуна чыгарылышы үчүн өлкө ичинде жана чет өлкөдө чечкиндүүлүк менен улантылган күрөшүүнүн кеңири түрдө сүйлөшүлгөнү жарыяланды.

Айрым шериктеш өлкөлөрдүн Сирияда ПЙД-ЙПГ террор уюумуна берген курал жана ок-дарылардын жикчил террор уюму ПККнын колуна өткөнү боюнча эскертүү берилген билдирүүдө: «Террор уюмдарына карата ишке ашырылып жаткан кош стандарттуулук жоюлбастан, аймактын тынчтык жана коопсуздукка жетишүүсүнүн мүмкүн болбой турганы баса белгиленип, эл аралык жамаатка, террор менен күрөшүүдө биргелешкен түшүнүккө жетилиши үчүн берилген убадаларга баш ийилиши темасындагы чакырыктарыбыз кайталанды»,делди.

Түштүк чек араларга карай Сирия жана Ирактан келип чыккан коркунучтун белгилениши менен зомбулук жана кол салуу болгон учурунда, эл аралык укуктун алкагында чаралар көрүлө турганы белгиленген билдирүүдө, Түркиянын чек араларын бойлой террор мамлекети курулуусуна эч качан уруксат берилбей турганы белгиленди.

Швейцарияда мурдагы аптада болгон Кипр конференциясы жана жыйынтыктарына баа берилгени айтылган билдирүүдө, «Чыгыш Жер Ортолук деңизде табигый ресурстарыбыздагы чыныгы укугубуздун алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Түркиянын укук жана кызыкчылыктарынын корголушу темасында чечкиндүүлүгүбүз баса белгиленди»,-деген сүйлөмдөр орун алды.



Тектеш кабарлар