Тышкы иштер министри Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу түндүк Кипр түрк Республикасына иш алып баруу сапары менен барат.

772545
Тышкы иштер министри Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу түндүк Кипр түрк Республикасына иш алып баруу сапары менен барат.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Урматтуу министрибиз Кипр Конференциясынын жыйынтыксыз калышынан кийин Кипр маселесин чечүүгө байланыштуу сүйлөшүү үчүн 2017 – жылдын 18 – июнь күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасына иш алып баруу сапары менен барат»,- деп айтылды.

Чавушоглу рум бөлүгүнүн Жер Ортолук деңизинде өткөн жумада баштаган бургулоо иштерин сынга алуу менен : «Биз Кипрде чечүүчү жол үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатканда рум бөлүгүнүн бургулоо иштери үчүн кемени аймакка алып келгендигин көрдүк. Рум тарабынан маселени чечүү тууралуу чын көңүлдөн мамиле кылбагандыгынын көрсөткүчү. Бул бир тараптуу кадамдарга каршы биздин да таштай турган кадамдарыбыз болот»,- деген.



Тектеш кабарлар