2016 -  жыл 15 -  Июль; Бир Улуттун Жаралуу Дастаны!

Түркия бөлүнбөйт, улут жеңилбейт деп айттырган күн  15 -  июль.

771216
2016 -  жыл 15 -  Июль; Бир Улуттун Жаралуу Дастаны!

     

 

Түрк куралдуу күчтөрүнүн ичине кирген ФЕТӨ мүчөлөрү буйруктун  тышына чыгып 2016 -  жылдын 15 -  июлу күнү саат 21:00 чамаларында козголоң кыймылын башташты. Бул козголоң  көптөгөн жылдар даярдык көрүлгөн, көп өнөктөштүү эл аралык бир проекти болуп бутасында оболу; Түркиянын көз карандысыздыгы, президент Р. Т. Эрдоган, Түркия Улуттук Парламенти жана өкмөт бар эле. Козголоңдун негизги базасы борбор шаар Анкарадагы Акынжылар аба базасы эле. Козголоң кыймылы Анкара менен Стамбулда бирдей убакта башталды.

Козголоңчулар оболу даярдаган козголоң планынын алкагында Стамбулда Босфор жана Фатих Султан Мехмет көпүрөлөрүн, Стамбул облустук коопсуздук директорлугу, Ататүрк аэропорту, ТРТ имараттары сыяктуу стратегиялык жерлерди бутага алды.

Анкарада болсо Улуттук Чалгындоо Уюму, Анкара облустук коопсуздук директорлугу, Коопсуздук боюнча башкы директорлугу, Гөлбашы полициялык атайын кыймыл башкармалыгы, Авиация мекемеси, Атайын күчтөр командирлиги, ТРТ башкы директорлугу, Түркия Улуттук Парламенти, Президенттик комплекси жана башкы штабдын төрагалыгына операция  жүргүзүп колго алууга аракет кылышты. Бул козголоңдо түрк куралдуу күчтөрүндөгү учак, танка жана аскердик кызматкерлерди ташуучуларды колдонууга аракет кылышты. Учактар менен тик учарлар шаарлардын үстүндө төмөндөп учуп, буталарына бомба таштап, танкалар көчөлөр менен проспектилерде алдына чыкканды эзип, аскердик кызматкерлерди ташыган унаалар менен орчундуу жерлерге аскердик форма кийген «Фетөчүлөрдү» таштап жатты.

Стамбул жана Анкарада ТРТ имараттарын басып алып, өзүн «Өлкөдө тынчтык кеңеши» деп тааныткан козголоңчу мүчөлөрү даярдаган билдирүү мажбур түрдө окутулду. Ошол эле билдирүү ошол эле учурда Башкы штабдын сайтына да чыгарылды. Текстте түрк куралдуу күчтөрүнүн башкарууну колго алгандыгы, өлкөнүн бардык жеринде көчөгө чыгууга тыюу салынгандыгы жана бардык медиа мекемелеринин бул билдирүүнү чукул түрдө жарыялашы керектигине көңүл бурулду. Андан кийин Гөлбашы полициялык атайын кыймылы, Түркия Улуттук Парламенти, Президенттик комплекс, ТҮРКСАТ, Анкара облустук коопсуздук директорлугунун имараттары бомбаланды.

Баскынчы козголоңчулар өз ойлорунда бардык нерсени ойлонушкан. Бирок унуткан бир нерсе бар эле: Алланын кудурети менен улуу түрк калкынын күчү жана тайманбастыгы. Куран, азан, байрактар менен жуурулган тарых, аң  - сезим менен ыйман түрк улутунун мүнөзү эле. Сезимтал түрк улутунун каарман балдары социалдык медиа аркылуу уюмдашып, даарат алынып, такбир келтириле баштады. Андан кийин премьер  - министр Йылдырымдан : «Бул армиябыздын ичине кирген чыккынчы группанын көтөрүлүшү, ылайык болгон жазаны алышат»,- деген билдирүү келди. Ошентип кудум Билал  -  и Хабешинин окугандыгын эске салган бир үн менен чыккан Селаалар... козголоңдун негизги бутасы болгон урматтуу Эрдогандын бир телекөрсөтүү каналынан улутка чакыруусу келди : «Шаарлардын аянттарына, аэропортторго баргыла, улутубуздан башка күч жок...». Мына ошол учур ал караңгы түндүн, ал караңгы көтөрүлүштүн, ал баскынчы кыймылдын планы бузулган,  бүткөн учур болду. Президент Эрдогандын элди көчөгө чыгып каршы чыккыла деген чакыруусу менен көчөлөргө, аянттарга, козголоңчулар басып алган бардык жерлерге адам жана аң  - сезим сели агып жатты. Даарат алып, ишенген жүрөк менен  келтирген такбир менен учакка, танкаларга, тик учарларга, ок өткөрбөс унааларга, окторго жана бомбаларга каршы чыкты улуу улуттун балдары... Козголоңчулар куралсыз көчөгө чыккан элге ок, бомба атты. Стамбул, Анкара башта болуп Түркиянын бардык жеринде козголоңго каршы митингдерде аскерлер, полициялар менен жарандар болгон  248 киши шейит болуп, 1537 киши аскердик куралдар менен жараланды.

Түркия 16 -  июль ишемби күнү ойгонгондо козголоңчулардын багынуу көрүнүштөрү, каарман улуттун балдары кайтарып алган танкалар менен сельфиелери, Акынжылар аба базасынан алынган командирлердин эркин койо берилгендиги тууралуу маалымтатар келе баштады. Кечки убакыт болбостон Түркия бардык мекемелерин, проспекти менен көчөлөрүн, казарма жана бөлүктөрүн бул мекенсиздерден тазалады.

15 -  Июль бир улуттун кайрадан жаралуу дастаны. Түрк улутунун дүйнөнү Чанаккале өтүлгүс деп айттыргандай эле Түркия бөлүнбөйт, улут жеңилбейт деп айттырган күн  15 -  июль. Ал күнү бардык балдар жаш улан болду, жаштар улуу болду.

Ал күн байрак көк,

Саалаалар гимн болду. Такбирлер пароль болду.

Анадолу дагы бир жолу мекен болду шейит жана ардагерлерге. Ал күнү бир лидердин тегерегинде жакшылык менен адилеттикти, жеңишти көрдүк. Ал күнү душман жеңилди, эл улуу болду.  Ал күнү эркиндик маршын бир кишинин эмес, бир улуттун кантип жазгандыгына күбө болдук. Ал күнү каршы чыгуу менен бирдикте болуп мекенди, байракты жана азандын туу тутуларын көрдүк.  Ал күнү дагы бир жолу улуу улут, улуу мамлекеттин кандай болорун доско, душманга көрсөттүк. Ал күнү түрк улуту дүйнөгө дастан жазды!



Тектеш кабарлар