Түркиянын чет өлкөлөргө жардамдары

Мевлүт Чавушоглу, гуманитардык жана өнүктүрүү жардамдары жагынан Түркиянын эң алдыңкы өлкөлөрдөн бири экенин айтты.

768571
Түркиянын чет өлкөлөргө жардамдары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, гуманитардык жана өнүктүрүү жардамдары жагынан Түркиянын эң алдыңкы өлкөлөрдөн бири экенин айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКА тарабынан жаңыланган Кот-д’Ивуардын Аял, бала асыроо жана колдошуу министрлигине караштуу Аялдарга билим берүү жана кесипке ээ кылуу институтунун Port Bouet шаарчасындагы ачылышына катышты.

Чавушоглу: «Гуманитардык жана өнүктүрүү жардамдары жагынан АКШдан кийин экинчи орунда турабыз. 2016-жылы АКШнын гуманитардык жардамдары 6,3 миллиард доллар болсо, Түркиянын жардамдары 6 миллиард доллар болду. Улуттук киреше менен эсептей турган болсок дүйнөдө чоң айырмачылык менен биринчи орунда турабыз. 2017-жылы сан жагынан да АКШдан ашып дүйнө биринчиси болобуз»,-деди.

Түркиянын бул жардамдарын Апаат жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы AFAD, Кызылай жана ТИКА аркылуу дүйнөнүн ар тарабына жеткиргенин эске салган Чавушоглу, ТИКАнын 50 координаторлугунан 16сынын Африка материгинде экенин белгилеп кетти.

Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Африка материги менен дос жана тууган өлкө Кот-д’Ивуардын өнүгүүсүнө жана ыраатуулугуна абдан маани бергенин айтты.

Тышкы иштер министри Түркиянын Африкада 39 элчилиги бар экенин белгилеп: «Ача турган Элчиликтер менен кошкондо алгач 45ке, андан кийин 50гө жетебиз. Мындайча айтканда Африкада дээрлик элчилик ачылбаган өлкө калбайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар