Сирия чек арасына көзөмөлдөө мунаралары курулат
5 кабаттуу жана 25 метр бийиктикте көзөмөлдөө мунаралары курулууда.
768060
Килисте Сирия чек арасынан мыйзам тышы жолдор менен өтүүлөрдү алдына алуу максатында 5 кабаттуу жана 25 метр бийиктикте көзөмөлдөө мунаралары курулууда. Мунаралар Түркияда ушунчалык бийиктикте курула турган биринчи көзөмөлдөө мунаралары болот.
Чек арадагы 8 метр бийиктиктеги көзөмөлгө алуу мунараларына кошумча катары курулган жаңы мунаралар, акылдуу куралдар жана автоматтык билдирүү системалары менен камсыздалат. Чек арадагы саны билдирилбеген мунараларда кызмат кыла турган аскерлер үчүн ашкана, жатуучу бөлмө жана туалет сыяктуу бөлмөлөр да бар.