Улуттук коргоо министри АКШлык кесиптеши Жим Маттис менен жолугушту

Жолугушууда ПКК террордук уюмдун Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГге берилген куралдар тууралуу Түркияга өткөн жумада жиберилген кат кенен түрдө каралды.

761185
Улуттук коргоо министри АКШлык кесиптеши Жим Маттис менен жолугушту

АКШнын коргоо министри Жим Маттис ПКК террордук уюмдун Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ менен карым – катнаштарынын «атайын тандаган эмеспиз, мажбурдуулуктан чыккан  кыска мөөнөттүү бир абал»,- деди.

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны үчүн барган Брюсселде АКШнын коргоо министри Маттис менен жолугушту.

Жолугушууда ПКК террордук уюмдун Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГге берилген куралдар тууралуу Түркияга өткөн жумада жиберилген кат кенен түрдө каралды. Министр Ышык жолугушууда АКШнын Сирияда ПКК террордук уюмдун уландысы ПЙД/ЙПГ менен мамилесинен Түркиянын тынчсыздангандыгын дагы бир жолу билдирди. АКШнын коргоо министри да ПЙД/ЙПГ террордук уюму менен мамилесинин мажбур түрдө болгон, кыска мөөнөттүү, убактылуу абал экендигин айтты.

Катар тууралуу маселенин бул өлкөнүн эгемендүүлүк укуктарынын алкагында сүйлөшүү менен эртерээк чечилиши керектиги боюнча пикир билдирилди.

Министрлер АКШ менен Түркиянын НАТО союздашы катары аймактык темаларда кызматташтык ичинде иштөөнү улантышарын дагы бир жолу баса белгилешти.

Ышык Маттистен кийин Афганстандын коргоо министринин өкүлү Тарык Шах Бахрами менен жолугушту.

Бүгүн НАТО коргоо министрлеринин жыйынына катыша турган Ышык Македониянын коргоо министри Радмила Шекеринска- Янковска, Австралиянын коргоо министри Мариес Пайне жана Германиянын коргоо министри Урсула вон дер Лейен менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.



Тектеш кабарлар