Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Манавгатта күн тартиби туурлуу маалымат берди

Мевлют Чавушоглу Катардан талаптардын бирөөсүнүн түрк базасынын жабылышы экендигин айтты.

759660
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Манавгатта  күн тартиби туурлуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Катарда курулган базанын Түркия менен бул өлкөнүн ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөндүгүн жана башка өлкөлөрдү кызыктырбагандыгын айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Манавгат райондук төрагалыгындагы майрамдашуу аземинде күн тартибине байланыштуу маалымат берди.

Мевлют Чавушоглу Катардан талаптардын бирөөсүнүн түрк базасынын жабылышы экендигин эске салып : «Бул базанын курулушу тууралуу Катар менен Түркия бирдикте бир келишимге кол койгон. Эгемендүү эки өлкө кол койгон  келишим. Ошондуктан эгемендүү эки өлкөнүн ортосундагы  маселе башка өлкөлөрдү кызыктырбай, бирок сый көрсөтүүлөрү керек»,- деди.

Эл аралык укукка ылайык болбогон, бир өлкөнүн эгемендүүлүк укуктарын бузган талаптарды туура деп табышпагандарын баса белгилеген Чавушоглу : «Бул жердеги кризистин Катардагы түрк базасы менен эч кандай байланышы жок. Бул базаны курууга 2014 – жылы чечим чыгарганбыз. Келишимге кол койдук. Бул келишим парламентте бекитилди, ишке ашыруу келишими да май айында тышкы карым – катнаштар комиссиябыз тарабынан бекитилди. Бул кризис болгон мезгилге туш келди»,- деди.

Булуң аймагынын ыраатуулугу жана коопсуздугунун Түркиянын да ырааттуулугу жана коопсуздугу деген мааниге келгендигин белгилеген тышкы иштер министри : «Ал жердеги тынчтык бизди бактылуу кылат, ал жердеги кризис бизди капалантат. Кудум Катар жана төрт өлкөнүн ортосунда болгон кризис сыяктуу. Диалог жана тынчтык жолу менен бул маселенин чечилиши керек. Президентибиз Р. Т. Эрдоган дүйнөдө бир топ лидер менен сүйлөштү, арачылык кылууда»,- деди.

Антальяда жолугушууларын улантып жаткан Мевлют Чавушоглу мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн күнөөсүз кишилерге гуманитардык жардам катары жеткиришкендерин баса белгилеп Йеменге, Газага гуманиатрдык жардам кемесинин баргандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар